Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Тогуз коргоол боюнча студенттер арасындагы мелдеш уланууда


Тогуз коргоол оюну.
Тогуз коргоол оюну.

Республикалык универсиаданын алкагында тогуз коргоол боюнча студенттер арасында жогорку лиганын оюндары өтүп жатат.

Исхак Разаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жана Кыргыз-түрк "Манас" университетинин тогуз коргоол боюнча машыктыруучусу Аким Нурсейитов билдиргендей, 14-мартта башталган мелдештер беш күнгө созулуп, жети айлампа менен жыйынтыкталат.

Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясындагы турнирге жогорку окуу жайларынын сегиз командасы катышууда. Команданын курамы төрт оюнчудан турат.

Жеңүүчүлөр эркектер жана кыздар арасында өзүнчө, жеке жана командалык эсепте швейцариялык ыраат менен аныкталат. Универсиаданын программасына кирген тогуз коргоол боюнча оюндар экинчи, биринчи жана жогорку лигада өтөт. Мындай оюндар эки жылдан бери уюштурулуп келет. (ECh)

XS
SM
MD
LG