Түштүк Кореянын борбору Сеулда билим алган кыргызстандык студенттер Ноорузду белгилейт. Алардын маалыматына караганда, иш-чара 25-мартта өтөт.
Анда улуттук, спорттук, интеллектуалдык оюн-зооктор уюштурулуп, улуттук тамак-аштар да даярдалат.
Майрамга Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар, жергиликтүү эл конок катары чакырылат.
Кыргызстандык студенттер Сеулда Ноорузду биринчи жолу өткөргөнү жатышат.
Расмий маалымат боюнча, Түштүк Кореяда каттоодо турган кыргызстандыктардын саны 3776 адамды түзөт. (EzK)