Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, учурда Бишкек-Ош жолу жабык. Жолдун эки жерине кечээ түнү дагы кар көчкү түштү. Азыр жол тазалоо иштери уланып жатат.
15-мартта кечке жуук жолдун 246-чакырымына чоң көлөмдө кар көчкү түшүп, эки тарапка тең жабылган. "Сосновка" постунда 140 оор жүк ташуучу, алты жеңил машине, "Арал" постунда 24 оор жүк ташуучу, 59 жеңил машине топтолгон.
Мындан тышкары, Талас районунун Талды-Булак айылында 9 оор жүк ташуучу, 15 жеңил, Бишкек-Ош жолунун 198-чакырымындагы Өтмөк ашуусуна бурулган жерде 110 оор жүк ташуучу автоунаа турганы кабарланган. Жолдун качан ачылары азырынча белгисиз. ӨКМ тазалоо иштери аяктаганда маалымат берилерин билдирди. (NT)