Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Бишкек-Ош: Жол тазаланып бүтө элек


Бишкек-Ош жолу. 15-март, 2018-жыл.
Бишкек-Ош жолу. 15-март, 2018-жыл.

Бишкек-Ош автожолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 13-мартта Чычкан капчыгайында көчкөн карга байланыштуу 246-чакырымда тазалоо иштери аяктай элек, жол дагы эле жабык.

Мындан тышкары, 15-мартта 221,223,226-чакырымдарда да кар көчкөн.

Жеринде 11 атайын техника иштеп жатат.

Сокулуктагы “Сосновка” бекетинде ушу тапта 150 оор жүк ташуучу жана 46 жеңил автоунаа тыгында турат. “Арал” бекетинде 56 жеңил, 24 оор жүк ташуучу машина бар. Талас облусунун Талды-Булак айылында 5 оор жүк ташуучу, 10 жеңил автоунаа бар. (RK)

XS
SM
MD
LG