Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Сапар Исаков жол коопсуздугун англиялык эксперттер менен талкуулады


Бишкек.
Бишкек.

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандагы жол коопсуздугун англиялык эксперттер менен талкуулады. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, бүгүн ал Британиянын Коопсуз жана туруктуу транспорт боюнча чыгыш альянсы (EASST) уюмунун директору Эмма МакЛеннанды кабыл алды. Жол коопсуздугун жакшыртуу багытында биргелешкен аракеттерди көрүү маселелери талкууланды.

Сапар Исаков «Таза Коом» программасы тууралуу маалымат берип, “Акылдуу шаар” долбоору боюнча келишимден чыгууга мажбур болгонун, аны эми кыргыз тарап өз күчү менен ишке ашырганы жатканын айтты.

EASST уюму бүгүнкү күндө 14 мамлекет менен кызматташып жатат. Ал жол коопсуздугу, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу долбоорлорун ишке ашырат.

Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелер аткарылбаганына байланыштуу кытайлык тарап менен түзгөн келишимден чыгууну чечкенин 14-мартта расмий жарыялады. Мындай чечим “келишимде жазылган мөөнөт сакталбагандыгына, тагыраак айтканда, долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз даярдалышына байланыштуу” кабыл алынганы айтылды.

Кыргызстан бул боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен эки ай мурда келишимге кол койгон. Жалпы баасы 60 миллион долларлык долбоордун алкагында өлкөдөгү эки шаарга жана үч кан жолго көзөмөл камералары орнотулары айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG