Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

КТРКнын "Салам, Кыргызстан!" көрсөтүүсү жабылды


"Салам, Кыргызстан!" көрсөтүүсүнүн алып баруучулары Жайнагүл Атаханова жана Назира Жетигенова.
"Салам, Кыргызстан!" көрсөтүүсүнүн алып баруучулары Жайнагүл Атаханова жана Назира Жетигенова.

Көрөрмандардын сын-пикиринен улам КТРК каналындагы "Салам, Кыргызстан!" көрсөтүүсү жабылды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” каналдын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди:

- Клара Алибекова жөнүндө көрсөтүү бир жылдан ашык мурда болгон. Бирок бул көрсөтүүнү жана "чыпалак баатыр" жөнүндө болгон окуяны мен да туура эмес, этикалык көрүнүштүн чегинен чыгып кеткен деп кабыл алып жана дагы башка көптөгөн көрөрмандардын сын-пикирлерин эске алып көрсөтүүнү жабуу жөнүндө чечим кабыл алдым.

Карыпбеков тартылып, эфирге даярдалып калган көрсөтүүлөр дыкаттык менен каралып чыгарын, ал эми көрсөтүүнүн концепциясы, алып баруучулары кайра караларын, аны КТРКнын Көркөм кеңешинин кароосуна жөнөтүү сунушталганын кошумчалады.

Буга чейин “Салам, Кыргызстандын!” ырчы Клара Алибекова катышкан чыгарылышынан үзүндү Интернетке тарады. Анда алып баруучулар аягында ырчыны шылдыңдап сүйлөшүп отурганын көрүүгө болот. Ошондой эле "чыпалак баатыр" атыккан Зарлыкбек Аликеновго да күлүп жаткан видеосу Интернетте тараган болчу. (RK)

Ырчы Клара Алибекова катышкан көрсөтүү (16.04.2017).

"Чыпалак баатыр" катышкан көрсөтүү (25.02.2018).

XS
SM
MD
LG