Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

КСДПнын жыйыны 31-мартта өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу партиянын штабынын өкүлдөрү "Азаттыкка" билдиришти. Анда партиянын төрагасын кайра бекитүү маселеси каралат.

КСДПнын отуруму буга чейин бир нече жолу жылдырылган. Партия төрагасынын орун басары Фарид Ниязов мурдараак КСДПнын курултайында Алмазбек Атамбаев партия лидерлигине бекитилерин билдирген.

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткен күндө да саясатта кала берерин, партиялык ишин жандандырарын журналисттерге айткан. Экс-президент ошондой эле кийинки парламенттик шайлоодо КСДПнын партиялык тизмесин жетектеп барарын да кеп кылган. (UEz/ZKo)

XS
SM
MD
LG