Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Максим Бакиевге таандык экени кеп болгон жер боюнча иш иликтенип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу 16-мартта Коррупцияга каршы күрөш кызматынын башчысы Сагынбек Исмаилов "Республика - Ата-Журт" фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул факты боюнча үч кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Исмаилов бул иште Мамлекеттик каттоо кызматынын, сот системасындагы кызматкерлердин катышы бар экени аныкталганын, жыйынтыгы тууралуу маалымат берилерин билдирди.

Былтыр февралда Башкы прокуратура "Скрябин көчөсүндөгү 45 жана 45-А дарегинде жайгашкан Максим Бакиевге таандык 1,28 гектар жер тилкесин сатууга тыюу салган чечимди жокко чыгарууга аралашкан" деген негизде Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги жетекчиси Тайырбек Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотууну сунуш кылган. "Жең ичинен сатылды" деген жер маселеси коомчулукта, парламентте кызуу талкууланып, Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн.

Тайырбек Сарпашев төрт айдан кийин өз эрки менен арыз жазып, иштен кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG