Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Бишкек-Ош жолуна дагы кар көчтү


Жолду көчкүдөн тазалоо иштери күнү-түнү жүрүп жатат. Бишкек-Ош жолу. (Сүрөт ӨКМге таандык).
Жолду көчкүдөн тазалоо иштери күнү-түнү жүрүп жатат. Бишкек-Ош жолу. (Сүрөт ӨКМге таандык).

Бишкек-Ош унаа жолунун 206-чакырымында 16-март күнү көлөмү 360 куб метр болгон кар көчкү түштү. Жабыркагандар жок. Учурда көчкүнү тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ал эми Чычкан капчыгайындагы Көчкүлүү-Булак тилкесине түшкөн 2,5 млн. куб метрлик көчкүнү тазалоо иштери уланууда. Учурда ал жерде 8 атайын техника (3 жүктөгүч, 3 бульдозер, 2 самосвал) кар көчкүнү тазалап жатышат.

15-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун Шаркыратма тилкесине кар көчүп, бүгүн түшкө жуук толугу менен тазаланды.

Кар көчкүнү тазалоо иштери жүрүп жатканына жана мындар ары да кар көчкү коркунучу сакталып турганына байланыштуу Бишкек-Ош жолу убактылуу жабык. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө жолго чыкпай туруш керек экенин эскертүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG