Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Орусия америкалыктардын "кара тизмесин" кеңейтет


Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков.
Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков.

Орусия Кошмо Штаттардын соңку чараларына жооп катары жаңы санкцияларды даярдап жатат. Бул тууралуу орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 16-мартта билдиргенин "РИА-Новости" басылмасы кабарлап чыкты.

Рябковдун айтымында, Москва "америкалык ишмерлер тобунун" "кара тизмесин" жаңы адамдар менен толуктаганы жатат. Министрдин орун басары бул Орусиянын тандоосу эместигин, Вашингтондун саясаты ушул кадамга түртүп жатканын кошумчалады.

15-мартта АКШнын Финансы министрлиги 20га чукул орус жарандары менен уюмдарга жаңы санкцияларды жарыялаган. Февралда атайын прокурор Роберт Мюллер аларды АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкендиги үчүн айыптаган. ​Санкцияларга кабылгандардын тизмесине бизнесмен Евгений Пригожин жана “троллдор фабрикасына” тиешеси бар экени айтылган адамдар киргизилген.

АКШда Москванын Америкадагы шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү иликтенип жатат. Орусия Батыш өлкөлөрүндөгү шайлоолорго аралашпаганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG