Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:07

Орусиядагы шайлоого Кыргызстандан 56 байкоочу көз салат


18-мартта Орусияда президентик шайлоо өтөт.

Кыргызстандан Орусияда 18-мартта өтө турган президенттик шайлоого 56 байкоочу көз салат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү кабарлашты.

Боршайкомдун маалыматына караганда, Орусиянын БШКнын чакыруусу боюнча эки өкүл, Шанхай Кызматташтык Уюмунун атынан үч, КМШдан 27, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан 16, КМШнын Парламент аралык ассамблеясынан 2, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан 1, ЕККУнун Парламент аралык ассамблеясынан 3 жана Жогорку Кеңештин атынан эки адам барат.

Кыргызстанда орус президентин шайлоо күнү алты добуш берүү бекети иштейт. Алар Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Кара-Балта, Чолпон-Ата шаарларында жайгашат.

56 байкоочунун 13ү шайлоо жараянына байкоону Кыргызстандан жүргүзөт. (YRu)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG