Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Баткен: Үлүш жерге там куруп алгандар бийликке кайрылды


Баткен. Чек ара тилкеси.
Баткен. Чек ара тилкеси.

Бүгүн Баткен районунун Тажикстан менен чек аралаш аймактарынан 50дөй киши райондук бийликке кайрылып чыгышты.

Чогулгандардын негизги талабы - акыркы жылдары жаш үй-бүлөлөр үчүн там курууга жер ажыратылбай, айласыздан үлүш тилкелерине үй-жай куруп жашап жаткандардын маселесин тездетип чечүү болду.

Жалпы район боюнча 150дөй тургун үлүш жерлерине үй куруп алышкан.

Жер пайдалануу эрежелерине каршы аракет жасагандар үчүн прокуратура кызматкерлери үйлөрдү бузуп, жерди өз максатында пайдалануу тууралуу эскертүү берип, 10 миң сомдон айыппул салган.

Чогулгандар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, прокуратура жана экотехинспекция өкүлдөрү жолугуп, мыйзам талаптарын түшүндүрүп айтып беришти.

«Жерге муктаждык чекке жеткен үй-бүлөлөр үчүн жер участогун ажыратуу боюнча маселе тездетип чечилери айтылган соң алар таркап кетишти» - деп өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү «Азаттыкка» билдирди. (JsA)

XS
SM
MD
LG