Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Чыгыш Гута жана күрттөр байырлаган Африн аймагындагы чабуулдардан баш-аягы 50 кишинин өмүрү кыйылды.
Баш кеңсеси Британияда жайгашкан "Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" 16-мартта Дамасктын жанындагы Чыгыш Гутада орус учактарынын соккуларынан 31 адам курман болгонун билдирди.
Түркиянын аба соккуларынан Сириянын күрттөр байырлаган Африн аймагында 20 киши мерт болгонун "Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" атайын өкүлү Редур Халил кабарлады. Анын айтымында, түрк күчтөрү Африндеги Ашрафия конушуна 16-мартта сокку урушкан.
Түрк армиясы Афринден күрт жоочуларын сүрүп чыгууну көздөйт. Сириянын өкмөттүк күчтөрү болсо көтөрүлүшчүлөрдүн колундагы Чыгыш Гута аймагын курчап турушат. Эки жакта тең он миңдеген жайкын тургундар жашайт.
Орусия менен Түркия соңку чабуулдар тууралуу маалымат бере элек. Орусиянын Коргоо министрлиги 15-мартта Чыгыш Гутадан 20 миңдей жөн-жай тургун чыгып кеткенин билдирген.
16-мартта Орусиянын, Түркиянын жана Ирандын тышкы иштер министрлери Сириядагы кырдаалды талкуулаш үчүн Казакстандын баш калаасы Астанага чогулушту. Министрлер ошондой эле 4-апрелде Стамбулда өтө турган жогорку деңгээлдеги саммиттин да күн тартибин талкуулай тургандыгы кабарлаган.