Линктер

дүйшөмбү, 25-июнь, 2018 Бишкек убактысы 00:47

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Улуу Британиянын аймагында адамдын нерв системасын сенек кылган кооптуу химиялык затты колдонуу тууралуу буйрукту орус президенти Владимир Путин жеке өзү бериши мүмкүн экенин билдирди.

Ал мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын Британияда уландырылышы боюнча британ расмий өкүлдөрүнүн ичинен биринчи болуп түздөн-түз Путинди айыптады.

"Биздин оюбузча, Кансыз согуштан бери биринчи жолу ал Британия менен Европанын көчөлөрүндө кооптуу заттын колдонууга багыт берген чечим кабыл алды деген ыктымалдык өтө жогору", - деди Борис Жонсон.

Британиянын башкы дипломатынын мындай сөзүн Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "эл аралык эрежелерди кечиримсиз бузуу" деп мүнөздөп, бул окуяга Орусиянын эч тиешеси жок экенин кайталады.

12-мартта Тереза Мэй британ парламентинде туруп, "мурдагы тыңчынын көзүн тазалоо аракетинин артында Кремл турат" деген "ыктымалдуулук жогору" экенин айткан.

Орус чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, азыркы британ жараны Сергей Скрипал кызы Юлия экөө 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында уулануунун белгилери менен ооруканага жеткирилип, дагы эле оор абалда жатышат. Бул окуя боюнча Орусияны айыптаган британ өкмөтү 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарууну чечкен.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Улуу Британиянын кадамына жооп катары британ дипломаттарын өлкөдөн чыгараарын жума күнү билдирди.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG