Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Жээнбеков: Элибиз кландык башкарууга жол бербейт


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясын эскерүүгө байланыштуу элге кайрылуу жолдоду. Кайрылууда президент 17-марттагы Аксы окуясы авторитардык-үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан карапайым элдин эркин даңазалаган күн экенин, бул күндүн тарыхый мааниси терең экенин белгилеген.

“Аксы окуясы эгемендүү Кыргызстандын тарыхына демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары кирди. Эзелтеден эркиндикти туу туткан элибиз өлкөбүздө кландык башкарууга жол бербестигин далилдеди”, - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюп, куран окуду.

Аксы окуясынын курмандыктары окуя болгон Аксынын Боспиек айылында да эскерилүүдө. Бул иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков баштаган бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү эл катышып жатат.

Ошондой эле Бишкекте жарандык коомдун өкүлдөрү да Аксы окуясынын курмандыктарын эскерип жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG