Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:40

Финполдун кызматкери пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте пара алууга шектелген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын (мурдагы Финансы полициясы) кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул кызматкер уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен сүйлөшүп, кытайлык ишкерден 15 миң доллар талап кылып, 5 миң долларын алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Ага карата Кылмыш кодексинин "Опузалоо" жана "Кызмат абалынан пайдаланып пара талап кылуу" беренелери боюнча иш козголуп, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. (BkA)

XS
SM
MD
LG