Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Чыгыш Гутадан миңдеген адамдар чыгып кетти


Сириянын Чыгыш Гута аймагында өкмөттүк күчтөрдүн абадан соккусунан ишембиде кеминде 30 адам мерт болду. Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоочулар билдиришти. Маалыматка ылайык, козголоңчулар ээлеген аймактан "гуманитардык коридорго" чыгып кетүү үчүн бараткан адамдардын тобу бомбалоого туш болгон.

Укук коргоочулардын маалыматында, акыркы суткада аймактан 10 миң адам чыгып кетти. Ал эми Орусия чыгып кеткендердин саны 30 миңге жеткенин билдирди.

Сириянын мониторинг тобу кабарлагандай, Чыгыш Гутада акыркы бир айда уруштун кесепетинен миңден ашуун адам ажал тапты.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин ок атууну токтотуу боюнча резолюциясына карабай Чыгыш Гутада салгылаш уланууда. Сирия бийликтери жана Орусия соккулар “террорчуларга” урулуп жатканын ырасташууда.

Акыркы айда Башар Асаддын күчтөрү аймактын көпчүлүк бөлүгүн ээледи.

XS
SM
MD
LG