Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Орусияда президенттик шайлоо башталды


Орусиядагы президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн алгачкы добушканалар Ыраакы Чыгышта ачылды. Алгач болуп Камчатка жана Чукотка автоном аймагынын тургундары добуш беришти. Ал эми Орусиянын борбордук бөлүгү жана Түндүк Кавказда добуш берүү Москва убактысы боюнча саат 08:00дө башталат. Калининграддын тургундары эң акыркы болуп добуш берет.

Орусияда президенттик шайлоо жетинчи жолу өтүп жатат. Орус президенти алты жылга шайланат. Орусиянын Конституциясына ылайык, 35 жаштан жогору, өлкөдө 10 жылдан кем эмес жашаган жарандар талапкер катары каттала алат.

Бул жолу президенттикке сегиз адам талапкерлигин койгон. Талапкерлер арасында төртүнчү президенттик мөөнөткө бараткан Владимир Путин, Коммунисттик партиядан Павел Грудинин, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, либерал саясатчы катары таанылган Григорий Явлинский, теле алып баруучу Ксения Собчак, ишкер Борис Титов, мурдагы депутат Сергей Бабурин жана Максим Сурайкин бар.

XS
SM
MD
LG