Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:04

Бишкекте жаш тынчтык куруучулардын улуттук симпозиуму аяктады


Бишкекте 16-18-мартта жаш тынчтык орнотуучулардын улуттук симпозиуму өттү. Кыргызстандын түрдүү аймактарындагы 27 айылдан чогулган 200 улан-кыз негизги көйгөйлөрдү жана аны чечүү жолдорун талкуулашты. Борбор Азиядагы Америка университетинде, БУУ үйүндө, Жогорку Кеңеште болгон иш-чара "Жашстан" долбоорунун алкагында уюштурулуду. Алар өздөрү маанилүү деп эсептеген проблемаларды парламент трибунасында айтышты.

Катышуучуларга экс-президент Роза Отунбаева, депутаттар Жанар Акаев, Аида Касымалиева баштаган саясатчылар, ишкерлер насаат айтып, билим сапатын жогорулатуу жаатында пикир алмашышты.

Симпозиумда жаштар тынчтыкты бекемдөө боюнча сунуштарын көрсөтүп, мыкты долбоорлорду демилгелешти. Арасынан мыктылары тандалып, 30 миң сомдон 130 миң сомго чейин грант берилет. Долбоорлор ачык добуш аркылуу тандалып алынат.

Эл аралык "Search for common ground" ("Жалпы кызыкчылыктарды издөө") уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ишке ашырган “Жашстан” долбоору өлкөдө ынтымакты, тынчтыкты бекемдөөгө жана жарандарды ийгиликтүү болууга үндөйт.

“Жашстан” долбоору Жаштар, дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен өнөктөштүктө жана БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосунда былтыр башталган, 2019-жылы аяктайт. (SE)

Тынчтык куруучулардын симпозиуму өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

XS
SM
MD
LG