Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

АКШ Пакистанды террорчуларга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды


АКШнын вице-президенти Майк Пенс.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Пакистан бийлиги "Талибан" жана башка согушкерлерге каршы күрөшүү үчүн Кошмо Штаттар менен мамилени чыңдашы керектигин билдирди. Бул тууралуу Майк Пенс Пакистандын премьер-министри Шахид Хаган Аббаси менен жолугушууда айткан.

Ак үй тараткан билдирүүдө жолугушуу качан, кайда өткөнү, сүйлөшүү кандай мүнөздө болгону айтылган жок. Бирок америкалык жана пакистандык маалымат каражаттары Пенс менен Аббаси АКШ вице-президентинин Вашингтондогу расмий резиденциясында жолукканын жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Аббаси АКШга жеке сапар менен келген жана вице-президент Пенс менен жолугушууну өзү сунуштаган.

Буга чейин АКШнын бийликтери Исламабаддын согушкерлерге каршы чараларына ичи чыкпай жатканын айтып келген.

Өткөн жылы президент Дональд Трамп Пакистан бийликтери терроризмге каршы батыл чараларга барбаса 2 миллиард долларга эсептелген аскерий жардам токтотуларын эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG