Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Февралда салык жана бажы төлөмдөрү көп чогулду


Февралда республикалык бюджеттин кирешеси 9 миллиард 517 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул сан былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,8 пайызга көп.

Салык кирешелери алдын-ала маалыматы боюнча 5 миллиард 224 сомду түзүп, былтыркыга караганда 12 пайызга жогоруласа, бажылык кирешелер 3 миллиард 149 миллион сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 63 пайызга өскөн.

Бажы кызматындагы кирешелердин көбөйгөнү өткөн айда байкалган.

Мындай жыйынтыкты премьер-министр Сапар Исаков бул тармакты башкаруунун оңолушуна байланыштырган. Бирок кийинчерээк өкмөт өкүлдөрү мындай өсүштү тармактагы коррупция менен аткезчиликке каршы күрөштүн натыйжасы эмес, Кытайдан келген жүк ташуучу унаалардын көбөйүшү менен түшүндүрүшкөн эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG