Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:08

Президент Путин Москвада добуш берди


Президент Владимир Путин
Президент Владимир Путин

Орусиянын президенттигине талапкер, учурдагы мамлекет башчы Владимир Путин бүгүн Москвада добуш берди. Ал 2000-жылдан берки салтын бузбай, бул жолу да Орусиянын Илимдер академиясындагы шайлоо бекетинде бюллетень салды. Андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип, өзүнүн бул шайлоонун алдында сунуштаган программасы туура экенине ишене турганын айтты.

Ошондой эле пайыздык көрсөткүч канча болбосун, өзүнө президенттик кызматты аркалоого мүмкүнчүлүк берген шайлоонун жыйынтыгын ийгиликтүү деп эсептээрин кошумчалады.

Орусияда бул жолу президенттикке сегиз адам талапкерлигин койгон. Алардын арасында төртүнчү президенттик мөөнөткө бараткан Владимир Путин, Коммунисттик партиядан Павел Грудинин, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, либерал саясатчы катары таанылган Григорий Явлинский, теле алып баруучу Ксения Собчак, ишкер Борис Титов, мурдагы депутат Сергей Бабурин жана "Орусиянын коммунисттери" партиясынын лидери Максим Сурайкин бар.

XS
SM
MD
LG