Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

БШК: орусиялыктар шайлоого жигердүү катышууда


Санкт-Петербург шаарындагы добушканалардын биринде тартылган сүрөт.
Санкт-Петербург шаарындагы добушканалардын биринде тартылган сүрөт.

Орусиядагы бүгүнкү президенттик шайлоодо Москва убактысы боюнча саат 10го карата добуш берген жарандардын саны 17 пайызды түздү. Бул көрсөткүч 2012-жылдагы шайлоого салыштырмалуу 2,5 эсе көп экенин Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова билдирди.

Маалыматка ылайык, Чукотка менен Камчаткада добуш берүү аяктады. Бул аймактардагы 10 айылда шайлоочулардын катышы 100 пайызды түзгөнү кабарланды. Орусия аннексиялаган Крым жарым аралынын тургундары да биринчи жолу президенттик шайлоодо добуш берип жатышат. Ал аймакта катыш 14 пайызды түздү.

Орусиянын региондорунан добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу кабарлар түшүп жатат. Байкоочулар шайлоочуларды ташып келүү, бюллетендерди тобу менен салуу көрүнүштөрү орун алып жатканын айтып чыгышты.

Москва менен Южно-Сахалинск шаарларындагы айрым шайлоо бекеттеринде добуш берүү башталганга чейин эле урналарда бюллетендер болгону кабарланды. Орусиянын Боршайкому бул жагдай боюнча маалымат берип, аталган добушканаларда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эрте добуш беришкенин билдирди.

Шайлоо катыша албай калган оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын штабынын байкоочулары кабарлагандай, Сахалиндин дүкөндөрүндө азык-түлүктөр адаттагыдан 15-20 пайыз арзан сатылып жатат. Ошондой эле Москвадагы добушканалардын биринде добуш бергендерге азык-түлүк жана зергер буюмдарды арзан алууга мүмкүнчүлүк берген талондор таркатылды.

XS
SM
MD
LG