Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 16:18

АКШнын президенти Дональд Трамп Федералдык тергөө бюросун (ФБР) кескин сындап, атайын кызматтын директорунун орун басары Эндрю Маккейбдин кызматтан алынышын кубаттады. Трамп муну “демократия үчүн улуу күн” деп баалады.

Федералдык тергөө бюросунун (ФБР) директорунун орун басары Эндрю Маккейб 17-мартта кызматтан бошотулган. Буга чейин президент Дональд Трамп Маккейбди АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча ишти тергөөдө калыс болбой жатат деп сындап чыккан эле.

Эндрю Маккейб ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коми кызматтан кеткенден тогуз айдан соң жумуштан бошотулду. Коми да АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын катышы боюнча иш боюнча президент Трамп менен пикир келишпестиктен улам кеткен эле. Мындай жагдай Конгресстин кооптонуусун жаратып, бул маселени иликтөө боюнча атайын прокурор Роберт Мюллер баштаган атайын топ түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG