Орусиядагы президенттик шайлоодо Москва убактысы боюнча 14:00гө карата добуш бергендердин саны 34,72 пайызды түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Николай Булаев билдирди.
Бул жолку шайлоодогу элдин катышы 2012-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу кеминде эки эсе жогору экенин БШК төрайымы Элла Памфилова саат 10догу маалыматтарга таянып кабарлаган.
Забайкалье крайынын көпчүлүк бөлүгүндө добуш берүү аяктады. Бул аймакта жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө добуш бергендердин саны 52,38 пайызды түздү. Бул көрсөткүч алты жыл мурдагыга салыштырмалуу кеминде бир пайызга аздык кылат.
Орусиядагы президенттик шайлоодо сегиз талапкер ат салышууда. Орус басылмалары бул шайлоодо элдин жалпы катышы 70 пайызды түзөөрүн, алардын кеминде 70 пайызы президент Владимир Путинге добуш берээрин Кремлдеги жеке булактарына таянып кабарлашкан.