Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Лондон орус дипломаттарын Скрипал менен кездештирген жок


Британиянын Солсбери шаары
Британиянын Солсбери шаары

Британия орусиялык дипломаттарга Солсбери шаарында ууландырылган мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал жана кызы Юлия менен жолугууга уруксат берген жок. Бул тууралуу орусиялык дипломаттарга шилтеме жасап "Интерфакс" агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Лондондогу элчилиги британ бийлигине нота жөнөтүп, ооруканада жаткан Скрипал менен жолугууга уруксат берүүнү өтүнүшкөн. Орус элчиси Александр Яковенко британ тараптан "алар оор абалда жатат" деген жооп алганын айтты.

Орус чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, азыркы британ жараны Сергей Скрипал кызы Юлия экөө 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында уулануунун белгилери менен ооруканага жеткирилген. Бул окуя боюнча Москваны айыптаган британ өкмөтү 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарууну чечкен. Орусия Британиянын бул кадамына жооп кылып, бир апта ичинде 23 британ дипломатын өлкөдөн чыгараарын билдирген.

XS
SM
MD
LG