Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

"Голос": Орусиядагы шайлоодо 1700дөн ашык мыйзам бузуу катталды


Бишкектеги добуш берүү.
Бишкектеги добуш берүү.

Орусиядагы президенттик шайлоодо ушул сааттарга карата 1700дөн ашык мыйзам бузуу катталганын добуш берүүгө байкоо салып жаткан "Голос" көз карандысыз кыймылы билдирди. Уюм аймактарда бюллетендерди тобу менен салуу, байкоочулардын ишине тоскоолдук жаратуу өңдүү көрүнүштөр катталып жатканын белгиледи.

Ошондой эле Орусиянын чыгыш аймактарында, анын ичинде Хабаровск крайында шайлоочуларды тартуу үчүн жергиликтүү расмий өкүлдөр элге арзан баада азык-түлүктөрдү сунуштап жатканы белгилүү болду.

Шайлоого катыша албай калган оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын штабынын байкоочулары Орусиянын аймактарында шайлоочуларды автобус менен добушканаларга ташып келип жатышканын билдиришти. Путинди колдогондордун саны азыраак делген Москва жана Санкт-Петербург шаарында добуштарды бурмалоо аракеттери болгону кабарланып жатат.

Көз карандысыз уюмдардын мындай билдирүүлөрү боюнча Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча толук маалымат бере элек.

Орусиядагы сегиз талапкер катышып жаткан президенттик шайлоодо Москва убактысы боюнча 14:00гө карата добуш бергендердин саны 34,72 пайызды түздү.

XS
SM
MD
LG