Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:43

Орусиядагы шайлоого Жогорку Кеңештин жети депутаты көз салууда


Орусияда өтүп жаткан президенттик шайлоого көз салуу үчүн Жогорку Кеңештин жети депутаты - Асел Кодуранова, Аалы Карашев, Кубанычбек Жумалиев, Бакирдин Субанбеков, Каныбек Иманалиев, Кубанычбек Нурматов жана Бахадыр Сулейманов барды.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу "Азаттык" радиосуна билдирди.

Мындан тышкары Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, БШК мүчөлөрү Назарали Арипов, Кайрат Осмоналиев, Адилет Сатыгулов да Орусияда жүрөт.

Боршайком төрайымынын орун басары Акылбек Эшимов калган мүчөлөр Кыргызстандагы орусиялык жарандар катышкан шайлоого байкоо салып жатканын кабарлады.

Шайлоого Кыргызстандан 56 байкоочу катышууда. Алардын он үчү Кыргызстандагы добушканаларда иштеп жатканы айтылды. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG