Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Экзит-поллдун жыйынтыгы: Путин шайлоодо 73,9% добуш алды

Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын бардык аймактарында президенттик шайлоодо добуш берүү аяктап, алгачкы экзит-поллдун (VTsIOM мамлекет каржылаган экзит-полл) жыйынтыгы чыга баштады. Ага ылайык, президент Владимир Путин 73,9 пайыз добушка ээ болууда. Экзит-поллдун жыйынтыгы туура чыкса, Путин буга чейинки шайлоолордон кыйла көп добуш алган болот.

Экзит-поллго ылайык, Коммунисттик партиядан Павел Грудинин 11,2%, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский 6,5%, тележурналист Ксения Собчак 2,5% добуш алышы мүмкүн. Калган төрт талапкер бир пайыздын тегерегинде добуш топтойт деген божомол бар. 

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 21 пайызы саналып бүткөнүн, президент Путин 71,97 % менен алдыда келе жатканын билдирди.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Москва убактысы боюнча 18:00дө шайлоочулардын 60 пайызы добуш бергенин кошумчалады.

Шайлоого катыша албай калган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын командасы элдин катышы расмий айтылгандан кеминде беш пайызга аз экенин кабарлап жатат.

Орусияда 18-марттагы президенттик шайлоого сегиз талапкер катышкан.

Талапкерлердин арасында төртүнчү президенттик мөөнөткө бараткан Владимир Путин, Коммунисттик партиядан Павел Грудинин, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, либерал саясатчы катары таанылган Григорий Явлинский, теле алып баруучу Ксения Собчак, ишкер Борис Титов, мурдагы депутат Сергей Бабурин жана Максим Сурайкин бар. 

XS
SM
MD
LG