Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Трамп атайын прокурор Мюллерди сындады


Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

АКШ президенти Доналд Трамп 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын катышы боюнча ишти иликтөө тобунун башында турган атайын прокурор Роберт Мюллерди сындады. Трамп иликтөөнү "чындыкка коошпойт" деп, анын шайлоо штабы менен Орусиянын ортосунда эч кандай жашыруун сүйлөшүү болбогонун кайталады.

Бул билдирүүдөн бир күн мурда Трамптын адвокаты Жон Дауд Мюллер иликтөөнү токтотуу керектигин билдирип чыккан. Адвокат билдирүүнү президенттин атынан жасап жатканын айтып, кайра бул өзүнүн ою экенин белгилеген.

АКШнын президенти Доналд Трамп Федералдык иликтөө бюросун биринчи жолу сындап жаткан жок, бирок Мюллердин атын алгачкы жолу атады. Буга чейин ал атайын кызматтын директорунун орун басары Эндрю Маккейбдин кызматтан алынышын кубаттап, муну “демократия үчүн улуу күн” деп баалаган.

XS
SM
MD
LG