Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Жээнбеков Путиндин көп добуш алганын "ишенимдүү жеңиш" деп атады


Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы жолугушууларынын бири.
Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы жолугушууларынын бири.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиядагы шайлоодо көп добуш алып, мамлекет башчылыкка шайланган Владимир Путинди куттуктады. 19-мартта жөнөтүлгөн телеграммада Путиндин кайра шайланышы "ишенимдүү жеңиш" катары сыпатталган.

- Өткөн президенттик шайлоодогу сиздин ишенимдүү жеңишиңиз сиздин өзүңүзгө, сиз тандаган ар тараптуу өнүгүүгө жана Орусия мамлекетинин турмушунун бардык чөйрөлөрүн бекемдөөгө, Орусиянын эл аралык аренадагы турумун чыңдоого, регионалдык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылууга карай багытка бүткүл элдик ишенимдин ачык-айкын күбөсү болуп саналат, - деп айтылат куттуктоо катта. Телеграмманын текстин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү таратты. Анда кыргыз-орус алакасы мындан ары да тереңдей берери да айтылат.

Орусияда 18-мартта сегиз талапкер ат салышкан шайлоодо Путин 76 пайыздан көбүрөөк добуш менен алдыга чыккан.

Кыргызстанда да 13 миңден ашуун орус жараны добуш берди. Алар үчүн Бишкекте, Ошто, Кантта, Караколдо, Чолпон-Атада жана Кара-Балтада добушкана ачылды. Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя шаарларында көчмө урналар уюштурулду. (SE)

XS
SM
MD
LG