Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Аба ырайы: күндүн табы 23 градус жылыйт


Күн жылып, жайытка мал айдаган чабан.
Күн жылып, жайытка мал айдаган чабан.

Кыргызгидромет борбору шашылыш эскертүү берип, ушул күндөрү тоолуу аймактардагы Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирди. Мындай кырдаал 22-мартка чейин уланат.

20-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Тоолуу жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3...8, күндүз 19...24,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 9...14,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 8...13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-15...-20, күндүз -3...+2.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 5…7, күндүз 21…23° жылыйт.

XS
SM
MD
LG