Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Кыргызстан адал азыктардын экспортун көбөйтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан чет элге адал азыктарды экспорт кылууга камынып жатканын экономика министри Артем Новиков билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн Ислам дининин эрежелери боюнча сертификат алуу боюнча жыйында айтты. Министр эл аралык изилдөөлөргө таянып белгилегендей, дүйнө рыногунда адал азыктардын азыркы баасы 1,1 триллион долларга тете.

Экономика министрлиги 2017-жылы “адал” товардык белгисин киргизүү долбоорун коомдук талкууга койгон. Ага ылайык, товарга “адал” сертификатын Стандартизация борборунан акы төлөп алса болот. “Адал” стандартын алуу ишкерлердин өз каалоосу менен жүргүзүлөт.

"Адал" деген белгиде өндүрүлгөн азык-түлүккө коомчулук ар кандай көз карашта. Акыркы учурларда ушундай белгиси бар мейманканалар жана туристтик фирмалар да пайда болду. Кыргызстанда учурда товарга “адал” белгисин берген жеке менчик компаниялар бар. (SE)

XS
SM
MD
LG