Мындай билдирүүнү Ак үйдүн адвокаты жасады. Тай Коббдун бул билдирүүсүнө чейин президент Дональд Трамп "Твиттер" баракчасы аркылуу атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзүп жаткан иликтөөнү бир нече жолу кескин сынга алган эле. Иликтөөнүн саясий жүйөсү бардыгын белгилеген.
АКШда атайын прокурордун тобу Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсүн жана прзидент Трамптын ошол кездеги шайлоо штабындагы адамдардын Москва менен ыктымал байланыштарын иликтөөдө.
Президент Дональд Трамптын "Твиттердеги" соңку сындарынан улам Конгресстеги демократтардын көбү, атүгүл айрым республикачылар да аны Мюллерди кызматтан албоого үндөп, мындай кадам конституциялык кризиске алып бара турганын айтышкан. (UE)