Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Көкбөрү-2018: “Ынтымак” менен “Достук” финалда ойнойт


Мелдеш учурундагы тартылган сүрөт.
Мелдеш учурундагы тартылган сүрөт.

Нооруз майрамына карата өтүп жаткан Республикалык көкбөрү оюндарында Талас облусунан “Ынтымак” командасы менен Оштун “Достук” командалары биринчи орун үчүн күч сынашат.

19-мартта чейрек финалдык оюндарда “Ынтымактын” көкбөрүчүлөрү Сокулуктун “Биримдик Аю” командасын 2:1 эсебинде утту. Ал эми “Достук” Чүйдүн “Арашан” командасын 14:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган экинчи команда болду.

Биринчилик үчүн оюн 21-март күнү Нооруз майрамында Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өтөт.

15-мартта башталган мелдешке жалпысынан 16 команда катышты. Буга чейин Көкбөрү федерациясынан оюндардын байге фонду 800 миң сом деп белгиленгени кабарланган. Былтыр республикалык мелдешти Таластын “Ынтымак” командасы жеңип, “Достук” экинчи, Сокулуктун улакчылары үчүнчү орунду алышкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG