Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Египет күчтөрү Синайда отуздан ашуун жоочуну жок кылды


Египет армиясынын күчтөрү Синайда. 4-март, 2018-жыл.
Египет армиясынын күчтөрү Синайда. 4-март, 2018-жыл.

Бул тууралуу Египеттин армиясы жарыялады. Билдирүүдө коопсуздук күчтөрү Синай жарым аралында, “Ислам мамлекети” тобуна каршы операциянын алкагында акыркы беш күндө 36 жоочуну жок кылганы айтылат. Жоочу катары шектелген 345 киши камакка алынган.

Египеттин ушул айдын соңунда экинчи мөөнөткө кайра шайланары күтүлүп жаткан президенти Абдел Фатах ал-Сиси Синай жарым аралын “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларынан тазалоого үч ай мөөнөт берип, армиянын операциясы өткөн айда башталган.

Египеттик жихадчы топтун Синайдагы чабуулдары 2013-жылы армия исламчыл жана жалпы эл тарабынан шайланган президент Мухаммед Мурсини бийликтен кулаткандан кийин күчөп, кийин ал топ “Ислам мамлекети” тобуна кошулганын жарыялаган.

ИМ тобу 2015-жылы Түштүк Синайда орусиялык жүргүнчү учакты жардыруу үчүн жоопкерчилик алган. Анда 224 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG