Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Египетте атаандашсыз шайлоо өткөнү турат


Президент Абдел Фаттах ал-Сисинин Каирдин көчөлөрүндөгү шайлоо баннерлеринин бири. 1-март, 2018-жыл.
Президент Абдел Фаттах ал-Сисинин Каирдин көчөлөрүндөгү шайлоо баннерлеринин бири. 1-март, 2018-жыл.

Египетте ушул айдын соңунда президенттик шайлоо өткөнү турат. Анда азыркы мамлекет башчы, генерал Абдел Фатах ал-Сиси экинчи мөөнөткө дээрлик атаандашсыз эле шайланары күтүлүүдө. Ага каршы чыккандардын айрымдары камакка түшкөн же шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө олуттуу тоскоолдуктар жасалганын айтып, жарыштан чыгып кетишкен.

26-28-мартка белгиленген саясий өнөктүк алдында борбор Каирден генерал Абдел Фатах ал-Сисинин кайра шайланарына кубанып, аны колдогондорду да, нааразыларды да кездештирүүгө болот:

- Мен бул же тигил үчүн добуш бербейм, мен Абдел Фатах ал-Сисини гана колдойм. Менин балдарым, кийинки муунум, үй-бүлөм ага добуш берет, - деди Каирдин Саид ысымдуу тургуну Рейтердин кабарчысына.

Алдыдагы шайлоодо генералды колдогон карапайым египеттиктер эң биринчи кезекте ал өлкөгө туруктуулук алып келгенин белгилешет.

Президент Абдел Фаттах ал-Сиси Сауд Арабиянын ханзаадасы бин-Салман менен. 5-март, 2018-жыл.
Президент Абдел Фаттах ал-Сиси Сауд Арабиянын ханзаадасы бин-Салман менен. 5-март, 2018-жыл.

​Ошол эле учурда ал-Сиси бийликке келгенден берки саясатына болбосо да, шайлоо алдында жаралган кырдаалга нааразылар жок эмес:

- Албетте, мен өзүмдү жаман сезип турам. Бул маанилүү шайлоо көрсө ага катышууну каалагандардын баары үчүн эмес экен. Менимче, мындайды египеттиктердин баары эле кабыл албайт, египеттиктер алдыдагы шайлоодо добуш бербейт, - деди Каирдин Махмуд ысымдуу жашоочусу.

2011-жылы “Араб жазы” атыгып, өлкөнү отуз жыл башкарган Хосни Мубарак бийликтен кетүүгө аргасыз болгондон бери Египетте үчүнчү президенттик шайлоо өткөнү турат. Ага талапкерлерди каттоо 20-январда башталган.

Бирок тизмеге азыркы президенттин атаандаштары деп аталгандар кире албады. Саясий баяндамачы Хешем Кассем кырдаалды мындайча чечмеледи:

- Талапкерлердин баары эле жарыштан чыгып кетти деп айтууга болбойт. Себеби, алардын экөө түрмөдө, күчтүүрөөк бирөө жарыштан чыгып кетти, дагы экөөнү кысым көргөзүп жатып кетүүгө мажбурлашты. Акырында биз эч ким олуттуу деле маани бербеген атаандашка туш болдук. Бул эми тамаша да. Ал шайлоого катышарын айтардан 24 саат мурда эле Сисини колдоп жаткан.

Египет президентинин алдыдагы шайлоодогу жалгыз атаандашы - “Эртең” деген партиянын лидери Муса Мустафа Муса болгону турат.

“Жарандык демократиялык кыймыл” деген коалицияга бириккен оппозициячыл партиялар жана саясатчылар калкты добуш бербөөгө чакырышып, шайлоо алдында репрессиялар күчөгөнүн айтышкан.

Январь айында армиянын Башкы штабынын 2005-2012-жылдардагы мурдагы башчысы, генерал Сами Хафиз Анан шайлоого катышарын жарыялагандан кийин камалган.

Ал Абдел Фатах ал-Сисиге олуттуу атаандаш катары каралгандардын бири болчу.

Өткөн айда бийликтер президент ал-Сисини сындап жүргөн саясатчы, 2011-жылкы шайлоодо төртүнчү орунду алган Абдел-Монеим Абул-Футухту камакка алышкан. Ал тыюу салынган “Мусулман агайындар” кыймылы менен байланышта болгон деп айыпталууда.

Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” уюму өткөн аптадагы билдирүүсүндө эле президенттин саясий оппоненттеринин камалышын кескин сынга алып, алдыдагы шайлоону “адилетсиз” деп атаган.

Каирдин борбордук көчөсү. 4-март, 2018-жыл.
Каирдин борбордук көчөсү. 4-март, 2018-жыл.

Ал-Сиси мамлекет башчылыкка армия демократиялык жол менен шайланган мурдагы президент, азыр түрмөдө олтурган Мохаммед Мурсини бийликтен 2013-жылы кулаткандан кийин келген.

Анын президенттигинин биринчи мөөнөтү Египеттин Синай жарым аралында исламчыл жоочулардын кол салуулары күчөгөнү менен коштолду.

Шайлоону утурлай армия 9-февралдан тарта Синайда кеңири масштабдагы операция баштаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG