Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Орусия араб өлкөлөрүн диалогго чакырды


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Саудиянын тышкы иштер министри Адел аль-Жубейр.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Саудиянын тышкы иштер министри Адел аль-Жубейр.

Орусия Сауд Арабия башында турган араб мамлекеттери менен Катардын ортосундагы дипломатиялык жаңжалды чечүү үчүн тараптарды түз сүйлөшүүгө чакырды. Москванын мындай позициясы тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 10-сентябрда Жидда шаарындагы сапары маалында билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жекшембиде Сауд Аравиянын Жидда шаарына барып, өлкө падышасы Сальман бен Абдел-Азиз аль-Сауддун кабыл алуусунда болду. Орус медиалары падыша октябрь айында Москвага барарын жазышты. Бул маалыматты тараптар азырынча расмий ырасташа элек.

Жиддада Сергей Лавров Саудиянын тышкы иштер министри Адел аль-Жубейр менен да жолукту. Эки тарап бир катар темаларга, анын ичинде Катар кризисине да токтолгонун министрлер сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында билдиришти.

Сергей Лавров аймактык бүтүндүктү калыбына келтирүү үчүн тараптар Катар менен Сауд Арабия башында турган араб мамлекеттеринин ортосундагы дипломатиялык жаңжалды түз сүйлөшүүлөр аркылуу чечиши керек деген пикирин билдирди.

- Биз пикир келишпестикти сүйлөшүү аркылуу гана жайгаруу керек деген өз позициябызды бекемдедик. Сүйлөшүүлөрдө бардык тараптардын кызыкчылыктары эске алынып, бир чечимге келүү зарыл. Биз Перс булуңундагы кызматташтык кеңешине мүчө бардык мамлекеттердин биримдигине кызыкдарбыз, - деди Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

5-июнда Сауд Арабия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Египет Перс булуңундагы дагы бир араб мамлекети Катар менен бардык дипломатиялык алакаларын үзүп, аба жана деңиз байланыштарын токтотконун жарыялашкан. Бул тизмеге кийинчерээк Ливия жана Мальдив мамлекеттери дагы кошулган.

Аталган Араб мамлекеттери Доханы экстремисттик уюмдарды колдоп, аларга каржылык колдоо көрсөтүп, аймактагы туруксуздукка жол берип жатат деп айыпташууда. Алар Катар "Ислам мамлекети", "Жехбат ан-Нусра" жана "Мусулман агайындары" сыяктуу террордук уюмдарды колдоону токтотуп, Иран менен кызматташуусун үзмөйүнчө кырдаал өзгөрбөстүгүн билдиришкен. Жалпысынан Дохага 13 пункттан турган талап коюлган. Тизмеде “Ал-Жазира” телеканалын жабуу, Түркиянын аскерий базасын чыгаруу өңдүү талаптар да бар.

Лавров менен биргелешкен маалымат жыйынында Саудиянын тышкы иштер министри Адель аль-Джубейр сөз болгон 13 талап аткарылмайынча кырдаал өзгөрбөстүгүн дагы бир ирет эскертти.

- Терроризмди колдоону жана каржылоону, аймакта жек көрүүчүлүктү жана экстремизмди жайылтууну, коңшу мамлекеттердин ички ишине кийлигишүүнү токтотмоюнча жана биз Кувейт аркылуу айттырган калган 13 талаптын бардыгы аткарылмайынча кырдаал өзгөрбөйт.

Катар бийликтери бул талаптарды өлкөнүн суверенитетине шек келтирүү катары санап, аткаруудан баш тартып келет.

31-августта Лавров Катардын тышкы иштер министри Мухаммад бин Абделрахман Аль-Тани менен да жолуккан. Анда Катар министри шарт-талаптар жөндүү болсо Доха сүйлөшүүгө даярдыгын билдирген.

- Өткөндө Кувейттин эмири баардык тараптарды диалогго чакырды. Катар кризисти сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даярдыгын кеминде 12 жолу билдирди. Экинчи тарап эмнеге жооп бербейт? Катар башка мамлекеттердин эгемендигин жана эл аралык укукту толук сыйлайт, - деген Аль Тани.

Катардын тышкы иштер министри Мохаммад бин Абделрахман Аль Тани.
Катардын тышкы иштер министри Мохаммад бин Абделрахман Аль Тани.

Дээрлик үч айдан бери эки ортодо расмий арачылык вазийпаны Кувейт аркалоодо, бирок азырынча оң жыйынтык чыга элек. Катарга киргизилген чектөөлөрдөн улам калкынын саны 2,7 миллионго жеткен, газ жана мунайга бай мамлекет азык-түлүктү Иран жана Түркиядан аба жана деңиз аркылуу алууга аргасыз болууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG