Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Катар Иран менен жакындашууну чечти


Катардын тышкы иштер министри шейх Мухаммад бин Абдулрахман ал-Тани
Катардын тышкы иштер министри шейх Мухаммад бин Абдулрахман ал-Тани

Катар Иран менен дипломатиялык алакасын толук калыбына келтирүүнү чечти. Расмий Доханын мындай кадамы Сауд Арабия баштаган калган араб өлкөлөрүнүн Тегеран менен мамилени токтотуу талабына карама-каршы келет.

Расмий Доха соңку кадамы менен араб дүйнөсүнүн башында турган Саудиянын айткандарын аткарбай турганын ишара кылгандай болду. Катар суннит багытындагы араб өлкөлөрүнүн шииттер басымдуулук кылган Иран менен байланышты токтотуу талабынын дээрлик тескерисин кылды.

2,5 миллиондон бир аз ашыгыраак калкы бар Катар Иран менен дипломатиялык алаканы толук калыбына келтирип, өз элчисин дээрлик 20 айлык тыныгуудан кийин кайра Тегеранга жибере турган болду.

Бул өлкө Тегерандагы элчисин 2016-жылдын январь айында чакыртып алган. Буга Катардын ал учурда өнөктөшү Сауд Арабиянын Ирандагы эки дипломатиялык өкүлчүлүгүнө ирандыктардын чабуул койгону себеп болгон. Өз кезегинде ирандыктардын мындай кадамына белгилүү шийит диниятчысынын Сауд Арабияда өлүм жазасына тартылышы түрткү берген .

Эми Катар менен Ирандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тарап алаканы мурдагыдан да күчөтүүнү макулдашканын расмий Доха 24-августта кабарлады.

Катар менен Сауд Арабиянын чек арасы
Катар менен Сауд Арабиянын чек арасы

Катардын тышкы иштер министри шейх Мухаммад бин Абдулрахман ал-Тани 14-августта Стокгольмдогу маалымат жыйынында Сауд Арабиянын талаптарына токтолгон эле:

"Кандай гана мунаса табылбасын, ал бири-бирибиздин эгемендигибизди сыйлоо жана ички иштерибизге кийлигишпөө принцибине негизделиши керек. Мындай кадам - түзүлгөн кырдаалда алдыга жылуунун негизги шарты".

АКШ президент Дональд Трамптын май айындагы Эр-Рияддагы визитинен көп өтпөй, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Египет Катар менен дипломатиялык алакаларын токтоткон. Саудия Катар менен чек араны жаап, аба каттамдары, соода байланыштары үзгүлтүккө учураган. Катар каржылаган "Аль-Жазира" телеканалына да тыюу салынган.

Араб өлкөлөрү расмий Доханы террорчул уюмдарды каржылап, ички иштерге кийлигишип жатат деп айыпташкан. Катар болсо мындай айыптарды негизсиз деп четке каккан.

Саудия баштаган өлкөлөрдүн Катарга койгон талаптарынын ичинде Иран менен карым-катышты токтотуу маселеси да бар эле.

Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман (оңдо) Катардын чабарманы Абдуллах бин Али бин Яссим ал-Тани менен 17-августта Жидда шаарында жолуккан.
Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман (оңдо) Катардын чабарманы Абдуллах бин Али бин Яссим ал-Тани менен 17-августта Жидда шаарында жолуккан.

Сауд Арабиялык саясат таануучу Абду Рахман Ал-Муршед Катар талаптарды көз жаздымда калтырып жатканын айтты:

"Катар менен мамилени үзгөн төрт мамлекет расмий Доха өлкө ичиндеги уюм жана жеке адамдардын террорчулукту колдошуна бөгөт коюп, алардын тизмесин жарыялайт деп үмүттөнүшөт. Катар мындай кадамы менен гана чынчылдыгын көрсөтө алат. Төрт өлкө да ушуну каалайт. Бирок азырынча Катар эч нерсе кылган жок".

АКШдагы Райс изилдөө университетинин окумуштуусу Кристиан Улрихсен Катардын өз элчисин Тегеранга кайра жөнөтүү чечими "бул өлкөнүн башка багытка кетүүгө камданып жатканын" көрсөтөт деген пикирин "Аль-Жазира" каналына айтты.

Соңку жылдары Катар башка араб өлкөлөрүнө салыштырмалуу Иран жакшы мамиледе болуп келет. Дүйнөдөгү эң ири газ экспорттоочулардын катарында турган бул эки өлкөнүн ортосунда ири көгүлтүр от кору бар. Расмий Доха менен араб өлкөлөрүнүн араздашуусу июнь айында башталгандан бери Иран Катарга азык-түлүктөрдү жөнөтүп жатат.

Катар негизги өнөктөштөрү менен алакасы токтогондон кийин ички жана тышкы саясатын да өзгөртүп, жакында 80 өлкөнүн жарандары үчүн визаны жоюп салды.

Ошол эле учурда Сауд Арабия менен Катардын ортосундагы тирешти жумшарта турган кадамдар да байкалууда. Жакында Саудия ажылык сапарга чыккан катардык зыяратчыларга чек арадан өтүүгө уруксат берди. Ошондой эле расмий Рияд Ирандын таасири күч Ирак менен да дипломатиялык алакасын жандантты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG