Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:17

Араб мамлекеттеринин Катарды “муунтканынан" сыры эмнеде?

Араб өлкөлөрүнүн Лигасынын бир саммитинде Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак Катардын эмирине “өзүңдү улуу бир державанын башында турган адам катары көрсөткөнүң менен, Катардын элин топтогондо Каирдеги "Рамзес-Хилтон" мейманканасына батып каларын эсиңден чыгарба” деп айткан жери бар. Мубарактын расмий араб лидерлеринин жолугушуусунда ачуу менен айткан бул сөзү Катар өлкөсүнүн Жакынкы Чыгыштагы гипер-активдүү тышкы саясатына байланыштуу болгон.

Бирок Мубарактын доору артта калып, кыйла убакыт өткөнү менен Катардын тышкы саясаты араб өлкөлөрүндө алсыздамак түгүл, тескерисинче күчөп, региондогу лидер саналган Сауд Арабиясы жана Египетке окшогон ири өлкөлөргө коркунуч жаратты. Бүгүн дагы Катар ошол активдүү тышкы саясатынын натыйжасында коңшуларынын саясий-дипломатиялык жана экономикалык изоляциясына кабылып отурат.

Катар боюнча "кара тизме" жарыяланды

Апта башында Катар өлкөсү менен дипломатиялык жана башка байланыштарын токтоткон төрт араб мамлекети өздөрү "террорчу" жана расмий Дохага байланышы бар деп санагандардын тизмесин жарыялады.

Чындыгында Катар Кыргызстандын эң кичинекей облусу болгон Таластай жерди ээлегени менен дүйнөлүк саясатта жана экономикада олуттуу салмагы бар, өзү жайгашкан Жакынкы Чыгыш регионунда абдан активдүү саясатын жүргүзүүдө. Атай кетсек, араб өлкөлөрүндөгү элдик толкундоолордо, "араб жазы" аталып, кээ бир өлкөлөрдүн бүтүндөй кыйроосунда, убагында бийликте түбөлүк калууну эңсеген Мубарак менен Каддафинин режимдеринин кулашында жана Сирияда куралчан оппозициянын Асад күчтөрүнө каршы күрөшүүсүндө эбегейсиз чоң роль ойноп келет. Учурдагы блокаданын бирден бир себептери дагы Катардын финансылык, коммуникациялык жана дипломатиялык ресурстарынын активдүү колдонушу.

Албетте өзүн региондо лидер санаган Сауд Арабиясы үчүн бул көрүнүш жумшак айтканда жагымсыз. Сауд монархиясы кичинекей Катардын мындай деңгээлдеги тышкы саясатын көтөрө албайт жана Иран менен жакшы мамиледе болуусун таптакыр каалабайт. Иран Перс булуңундагы араб өлкөлөрү менен ынак болуп, мамилесин чыңдай турган болсо, бул түздөн-түз Сауд Арабиясы үчүн коопсуздук жана диний-идеологиялык проблемаларды жаратат. Ансыз дагы Сауд монархиясы бүгүнкү күндөгү Ирандын Сирияда, Ливанда, Йеменде жана Иракта кеңейип бара жаткан таасирине терең кооптонуу менен карайт. Акыркы бейрасмий, хакердик чабуулдун натыйжасында чыгып кеткен маалыматтарга караганда, Катар Иран менен мамилесин чыңдоону көздөп калган.

Египеттин Катарга каршы чыгуусу өлкөнүн ички саясатына жана саясий стабилдүүлүк үчүн болгон күрөшүнө байланыштуу. Атап айтканда Катар өкмөтү Египеттеги саясий толкундоолордо түздөн-түз "Мусулман агайындар" (Muslim Brotherhood) кыймылын колдоп келген. Бирок акыркы аскерий төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген генерал Сиси бул кыймылды террор уюму деп жарыялап, лидерлерин, анын ичинде мурдагы президент Мурсини камакка алган.

Доха шаары
Доха шаары

Египет өкмөтү Катардан "Мусулман агайындары" кыймылына каржылай жардам көрсөттү деп жана расмий бийлик менен күрөшүп келген уюмдун идеологиялык лидерлерине Дохадан ээн-эркин иш алып баруусуна шарт түзүп берди деп айыптап, аларды колдоону токтотуусун талап кылып келген.

Каирдин кыжырын келтирген дагы бир маселе - Катардын Палестинанын бир бөлүгү Газаны башкарып турган "Хамас" кыймылын каржылоосу жана анын лидерлерин Сирияда согуш башталгандан кийин Доха шаарынан жер берип, ишмердүүлүгүн колдоосу. "Хамас" кыймылы диний идеология жагынан "Мусулман агайындары" уюмуна абдан окшош жана убагында дал ушул уюмдун бутагы катары негизделген.

Катардагы кризисте чоң талкууну жараткан маселе бүгүн бул Түркия өкмөтүнүн позициясы. Анкара башынан эле Дохадагы монархияны колдоп, атүгүл мурдараак кол коюлган келишимдердин аткарылуусун тездетүүнү жарыялады. Алардын бири 3000ден 5000ге чейинки сандагы түрк аскерлеринин жарым аралчада жайгаштыруу. Түрк өкмөтү бул кадамды түрк аскерлери региондогу коопсуздук үчүн деп түшүндүрүп келишсе, кээ бир интернет булактары ар кандай саясий жана коопсуздук боюнча эксперттерге таянышып, түрк аскерлеринин Катар монархиясын коргоо үчүн жиберилди деп жазып чыгышты. Кандай болгон күндө дагы кээ бир өлкөлөр үчүн болгон кризис башка өлкөлөр үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Түркия тышкы саясатында дал ушундай өзүнүн тегерегинде жайгашкан мамлекеттердеги саясий жана экономикалык проблемаларды өз кызыкчылыгы үчүн мыкты пайдаланып келет.

Дохадагы аба майданы
Дохадагы аба майданы

Анкаранын Доха менен бир жээкте болушунун дагы бир орчундуу себеби бул Сирия жана региондогу тышкы саясатынын бири-бири менен төп келиши. Экономика жагынан Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттары Түркия үчүн Катарга караганда маанилүү болгонуна карабастан, Эрдоган Катарды ачык колдоп чыкты. Сириядагы Асад бийлигине каршы күрөштө, Араб жарым аралындагы монархиялык мамлекеттер, Түркия Дамаскка каршы ар кандай куралчан оппозициялык маанайдагы топторго каржылай жана аскерий түздөн-түз жардам көргөзүп келишет. Бул күрөштө Анкара менен Доха Сириядагы кызыкчылыкты тең бөлүшөрүн жана каржылоо маселесинде Катардын ролу чоң экендигин түшүнсө болот.

Анткен менен бүгүнгө чейин Сауд Арабиясы баш болгон арабдардын Катарды “муунтуп” тышкы саясатын өзгөртүү аракетинен майнап чыга элек. Тескерисинче, Катардын тышкы иштер министри Доха тышкы саясатын өзгөртүүнү каалабасын, коңшу өлкөлөрдүн Катарга каршы күнөө коюсу таптакыр негизсиз жана эл аралык мыйзамдарга каршы экендигин жарыялады.

Ал убакта Иран жана Түркия Дохага кубат берип, мындан ары дагы колдоолорун кеңейтерин убада кылышты. Эң негизгиси Рияд менен Каир артык кылым деп, тескерисинче, тыртык кылып албаса эле болду. Тегеран бул жагдайды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, Катар Сауд монархиясына жана Египеттеги аскерий бийликке каршы топторду колдоону ого бетер күчөтө берүүсүн четке кага албайбыз.

Данияр Матиканов, конфликтолог, Германия

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG