Президент Сооронбай Жээнбеков Орусияда кайра мамлекет башчылыкка шайланган Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышып, куттуктады.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, 19-марттагы сүйлөшүү учурунда алар Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагындагы кызматташтыкты улантуу жаатында да пикир алмашкан.
Сооронбай Жээнбеков Орусиядагы шайлоодо көп добуш алып, мамлекет башчылыкка шайланган Владимир Путинге мурдараак телеграмма да жиберген. Куттуктоо катында Путиндин кайра шайланышы "ишенимдүү жеңиш" катары сыпатталган.
Орусияда 18-мартта сегиз талапкер ат салышкан шайлоодо Путин 76 пайыздан көбүрөөк добуш менен алдыга чыккан.
Кыргызстанда да 13 миңден ашуун орус жараны добуш берди. Алар үчүн Бишкекте, Ошто, Кантта, Караколдо, Чолпон-Атада жана Кара-Балтада добушканалар ачылды. Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя шаарларында көчмө урналар уюштурулду. (SE)