Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Быйылкы ажылык сапардын баасы кымбаттады


Мекедеги ажылык.
Мекедеги ажылык.

Быйылкы ажылык сапардын баасы 2890 долларга бааланып, былтыркыдан 130 долларга кымбаттаган. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады. Эми бардык талаптарды аткарып, документин тапшыргандар ушул сумманы 13-апрелге чейин төлөшү керек.

Муфтият баа эмне себептен көтөрүлгөнүн түшүндүргөн жок. Ал мындан тышкары Баткен, Кызыл-Кыя шаарынан жана Кадамжай районунан, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунан жана Ош шаарынан ажылык сапарына катталган талапкерлер өздөрүнүн тизмелерин аймактан текшерип туруп анан төлөшү керек экенин эскертүүдө.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн. Бул былтыркыдан 640 орунга көп. Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй башташат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG