Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Иранда сопу лидеринин колдоочусу өлүм жазасына кесилди


Сопулар Ирандын коопсуздук күчтөрү менен кагылышкан учур. Тегеран, 20-февраль, 2018-жыл.
Сопулар Ирандын коопсуздук күчтөрү менен кагылышкан учур. Тегеран, 20-февраль, 2018-жыл.

Мамлекеттик ИРНА жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, Мухаммед Реза Салас ысымдуу адам ирандык сопулардын (суфийлердин) лидери Нурали Табандехтин жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн өткөн айдагы кагылышуусундагы кандуу окуя үчүн кесилди. Ал өкүмдү 20 күн ичинде аппеляцияга бере алат.

Өткөн айда сопу лидеринин колдоочусу полиция күчтөрүн автобус менен сүзгөндө кеминде үч адамды мерт болгон.

Салас өзү соттук териштирүү учурунда полицейлерди атайылап өлтүрбөгөнүн, тескерисинче кагылыштан качууга аракеттенгенин билдирген.

Өткөн айда ирандык "Гонабади сопуларынын" лидери, токсон жаштагы Нурали Табандехтин жактоочулары Тегерандагы үйүнүн жанына бийлик аны камап салабы деген кооптонуудан улам чогулган эле.

Ирандагы адам укуктары боюнча Нью-Йорктогу борбордун маалыматына караганда, Иранда акыркы айларда дервиштердин бир нечеси камакка алынган.

Былтыр март айында БУУнун атайын баяндамачысы Иранда сопу топторунун мүчөлөрү мамлекет тарабынан “мыйзамсыз камоолорго, куугунтукка кабылып, көп учурларда улуттук коопсуздукка байланышкан кылмыштар үчүн айыпталганына” тынчыздануу билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG