Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Түркияда кыргызстандык кыздын сөөгү табылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бул тууралуу жергиликтүү Dogan кабар агенттиги маалымдады.

Кабарда 19-март күнү Түркиянын Денизли аймагында Памуккале районунда талаада иштеген дыйкандар жол жээгинен чет өлкөлүк кыздын зөөкүрлүк менен өлтүрүлгөнүн көрүшүп, полицияга кабар беришкен.

Окуя болгон жерге полиция келгенде маркумдун жанынан 26 жаштагы кыргызстандык Ы.Жнын телефону жана паспорту табылган.

Учурда кыргызстандык жарандын өлүмү боюнча Денизли прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, күнөөлүүлөр изделип жатат.

Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча комментарий бере элек.

Расмий маалыматтар боюнча, Түркияда 19 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, жыл сайын орто эсеп менен 15тей "Жүк-200" мекенине жөнөтүлөт.

Түркиядагы "Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасы боюнча 2017-жылы өлкөдө 407 аял киши колдуу болгон. 332 аял сексуалдык зомбулукка учураган. Акыркы сегиз жылда Түркияда аялдардын өлүмү эки эсе көбөйгөн. (ElB)

XS
SM
MD
LG