Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

Дүйнөлүк акча жумалыгы боюнча сынактын жеңүүчүлөрү сыйланат


Тыйындар
Тыйындар

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы аяктады.

Бүгүн Бишкекте жумалыкка карата уюштурулган сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйланат.

Улуттук банктын финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообековдун “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, окуучулар арасында сүрөт боюнча өткөн сынакта миңге жакын эмгек келип түшкөн. Ал эми эссе сынагына 40тан ашуун жогорку класстын окуучулары жана студенттер катышты.

Балдардын жана жаштардын каржылык сабатсыздыгын жоюуга багытталган иш-чараларга “Бай түшүм” жана "ДосКредо банк" демөөрчүлүк кылып жатат.

12-мартта башталган жумалыктын алкагында Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар мектептерде ачык сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды уюштурду. Улуттук банктын нумизматикалык музейинде экскурсиялар да болду.

Мындай жумалык Кыргызстанда 2015-жылдан бери өтүп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG