АКШ президенти Дональд Трамптын Орусиядагы шайлоодо Владимир Путиндин утуп чыкканы боюнча кабары бар экенин дүйшөмбү күнү Ак үйдүн өкүлү билдирди.
Анткен менен Трамп менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү планда жок экени маалым болду. Куттуктоо сөздөрү да айтылган жок. “Орусиядагы шайлоо эркин жана таза өттүбү” деген суроого жооп берип жатып Ак үйдүн маалымат катчысы Хоган Гидли Вашингтон шайлоо жыйынтыгына таң калбаганын билдирди. Бул тууралуу “Америка үнү” кабарлады.
14-мартта АКШ президенти Дональд Трамп менен Британиянын премьер-министри Тереза Мэй телефондон сүйлөшкөн учурда эки лидер тең орусиялык агент Сергей Скрипалдын өлүмүнө байланыштуу Орусиянын расмий өкүлдөрү жооп бериши керектигин айтышкан. Трамп окуяны иликтөөгө колдоо көрсөтөрүн билдирген. (КЕ)