Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Ботаникалык бактагы өрттүн себеби аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь районунда жайгашкан Ботаникалык бакта өрт каптаган жердин жалпы аянты үч гектарга жетти. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрттүн чыгышына тамеки тартууда этиятсыздык себеп болгону аныкталды.

1938-жылы түптөлгөн бул бакта бак-дарактардын, бадалдардын, гүлдөрдүн, дары чөптөрдүн 5,5 миңден ашык түрү бар. Буга чейин да ал жерде бир нече жолу өрт чыгып, бир топ гектар жерде чөп күйүп кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG