Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Аксы окуясын эскерүүгө студенттерди катыштыруу талкуу жаратты


Бишкекте Аксы окуясынын 16 жылдыгын эскеришти.
Бишкекте Аксы окуясынын 16 жылдыгын эскеришти.

Бишкекте Аксы окуясынын 16 жылдыгын эскерүү жыйынына "студенттерди мажбурлап катыштыруу тууралуу документ" деп интернетке тараган сүрөт талкууга түштү. 19-мартта социалдык желеде тарап, сынга кабылган буйрукта Бишкектеги төрт жогорку окуу жайдан 70тен студент жыйынга барышы керектиги тууралуу тапшырма жазылган.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков кол койду деген буйрукта Кыргыз улуттук, Бишкек гуманитардык, Кыргыз мамлекеттик жана Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университеттеринен студенттер катышуусу керектиги жазылган.

Кожобеков Тажикстанда өзү иш сапарда жүргөндүктөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Министрликтин басма сөз катчысы Айзура Чыкынова жагдайды төмөнкүчө түшүндүрдү:

-"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси министрликке Аксы окуясына арналган иш-чарага студенттерди катыштыруу боюнча сунуш менен кайрылган. Аксы окуясынын тарыхтагы маанилүү экенин эске алып, министрлик бул сунушту колдогон.

2002-жылдын 17-мартында Аскар Акаев президент кезинде Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу.

Быйыл 17-мартта Бишкектеги “Медиа форум” ишканасынын алдында эскерүү жыйыны өткөн. Ага Апрель ыңкылабынын катышуучулары, “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлдөрү, КСДПнын активисттери катышкан.

Студенттерди жыйынга алып келүү боюнча министрликке сунуш берилгенин "Айкөл Ала-Тоо" уюмунун төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев бышыктады. Жыл сайын эле мындай эскерүүлөргө студенттер алып келинерин белгилеген Мискенбаев муну менен жаштар тарых тууралуу маалымат аларын белгиледи. Анын айтымында, 24-марттагы ыңкылаптын 13 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан ишембиликке, Апрель окуясынын сегиз жылдыгына карата филармонияда өтчү жыйынга да студенттер катышат. Тийиштүү сунуш министриликке жөнөтүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG