Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Баткендик окуучу эл аралык сынакта биринчи орунду ээледи


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун тургуну, 2-класстын окуучусу Нурмухамбет Абдирашитов Египетте менталдык арифметика боюнча өткөн таймаштын экинчи деңгээлинде биринчи орунду ээледи. 7-8-март күндөрү Шарм-эл-Шейх шаарында дүйнөнүн 7 өлкөсүнөн 400дөй бала катышкан олимпиада өттү. Дагы бир кыргызстандык бала, 4-класстын окуучусу Кайратбек Аширматов төртүнчү деңгээл боюнча экинчи орунга чыкты.

Бул сынакка Кыргызстандан жалпысынан 22 окуучу барган.

Балдардын интеллектуалдык өнүгүү борбору даярдаган олимпиадага катышууну ата-энелер өзүлөрү каржылашты. Менталдык арифметика боюнча мамлекеттик эмес окуу борбору Баткен облусунда 2015-жылдан бери иштеп келет. (JsA)

XS
SM
MD
LG