Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Аба ырайы: температура 26 градуска чейин жогорулайт


Жаз келип бүчүрлөгөн дарак.
Жаз келип бүчүрлөгөн дарак.

Кыргызгидромет борбору шашылыш эскертүү берип, ушул күндөрү тоолуу аймактардагы Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирди. Мындай кырдаал 22-мартка чейин уланат.

21-мартта өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 21...26,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...+3°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн8…10°, күндүз 23…25°.

XS
SM
MD
LG